• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бакай Турдугулов Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Бакай Турдугулов министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге 7-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мамкурулуш агенттигинен кабарлашкандай, бүгүн агенттиктин директору Нурдан Орунтаев президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Назгүл Мекешованын катышуусунда жаңы орун басарын эмгек жамаатына тааныштырган.

Пикир

Оставить комментарий