• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ошто адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн жаран Бишкек шаарынын аймагынан кармалды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Өзгөн районунун 2001-жылы туулган тургуну М.Н. болгон.

Кармалган жаран 2023-жылдын кыш мезгилинде Ош шаарында болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн акыркы катышуучу. Ал Ош ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Эске салып кетсек, 2023-жылдын 13-январына караган түнү саат 01:15те Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө белгисиз адамдар 1993-жылы туулган А.Н. аттуу жарандын денесине 27 жолу бычак менен жаракат келтирип, анын кесепетинен ал окуя болгон жерде каза болгон. Бул факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле ушул эле күнү саат 02:25те Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө белгисиз адамдар 1995-жылы туулган Н.М. аттуу жаранды (каймана аты “Коён”) башына жана буттарына арматуранын кесиндилери менен 32 жолу уруп кетишкен. Бул факт боюнча "Адам өлтүрүүгө аракеттенүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-аракеттердин негизинде бул окуялар кылмыштуу топтордун таасир талашуусунан келип чыккан кагылышуулар экени такталган.

Учурунда аталган кылмыштарга шектүү катары К.Досоновдун (каймана аты Дженго) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү А.Р., Н.Ч., А.Ж., Э.К. кармалышкан.

Ал эми жогорудагы окуяга тиешеси бар болгон УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Ош облусунун Өзгөн районунун 2001-жылы туулган тургуну М.Н. качып кетип, 2023-жылдын 18-январынан бери издөөдө болгон.

Пикир

Оставить комментарий