Бишкек, 28.10.23./Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңешинин демилгеси менен Ош шаарынын жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын Координациялык кеңештеринин катышуусунда кеңейтилген өз ара кызматташуу отуруму болуп өттү.
Отурумда кулчулуктун курмандыктары, адам сатуу коркунучу жана ага каршы күрөшүү жана миграция боюнча маселелери каралды.
Ошондой эле, 2024-жылга карата адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча биргеликте иш алып баруу макулдашылып, алдыда аткарылуучу иштер талкууланды.
Жыйынга ЕККУнун адам укуктары жана коопсуздук боюнча бөлүм башчысы Кристофер Блэйр катышып, бул жаатта колдоо көрсөтөөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясы тарабынан бул багытта “Адамдарды сатууга каршы 100 күн” жалпы улуттук маалыматтык кампаниясы жарыяланып, анын негизинде түзүлгөн иш-чаралар планына ылайык, Ош шаарындагы мекеме-ишканаларда, жогорку жана орто окуу жайларында, мектептерде, жаштар арасында тиешелүү иштерди жүргүзүлүп, жыйындар өткөрүлүп турат.
Пикир
Оставить комментарий