• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ошто акысыз юридикалык жардам көрсөтүү иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясында "Адам укугу" акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасынын алкагында иш-чара өттү. Бул тууралуу униципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу, Юридикалык жардам кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Толкун Эргешов, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын юристтери, кварталдык комитеттер, студенттер катышты.

Иш-чарада юристтер тарабынан адам укуктарына байланышкан темалар боюнча маалыматтар берилип, мурас, жер, социалдык жөлөкпулдар, үй-бүлөлүк талаш-тартыштар жана башка укуктук маселелер боюнча кеңештер берилди.

Пикир

Оставить комментарий