Ошто "Алымбек менен Курманжан" операсынын бет ачары болот

Маданият 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 31-августта Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында "Алымбек менен Курманжан" операсынын бет ачары болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тарыхый драмада кыргыздын улуу саясий ишмерлери Алымбек датканын жана Курманжан Датканын мекенге болгон сүйүүсү, өмүрү жана кызматы баяндалат.

Башкы ролдорду КР эмгек сиңирген артисти Нуржигит Асанов, КР эл артисти Бактыбек Ыбыкеев (Алымбек датка) жана КР Эл артисти Айзирек Момунова жана Бактыгүл Бокоева (Курманжан датка) аткарат.

Коюучу-режиссер КР эмгек сиңирген артисти Искендер Сартбаев, коюучу-сүрөтчү КР эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидинов, балетмейстер КР эмгек сиңирген артисти Канат Надырбек, башкы хормейстер КР эл артисти Карагул Тиленчиев.

Пикир

Оставить комментарий