• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айтматов атындагы орус драма театры оңдолот. Долбоордун сметасы даяр болду

Маданият 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн долбоордун сметасы даярдалып бүттү. Бул тууралуу күн мурун аталган театрда өткөн көчмө жыйында белгилүү болду, - деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Маданият министри Азамат Жаманкулов катышкан жыйында бүгүнкү күндө театрдын реалдуу абалы, анын алгачкы турпаты жана тегерегинде мыйзамсыз курулган бир катар объектилерди алып салуу жана театр кызматкерлерине керектүү шартты түзүп берүү талкууланды.

Жакынкы арада театр тарабынан Кыргызстандын Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына ылайык, имаратты иретке келтирүү иш-аракеттеринин активдүү фазасы башталат.

Пикир

Оставить комментарий