• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ошто бажкы кызматкерлери унааны мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныкташты

Аймак 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/."Ош" бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажылык укук бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Ош облусунун аймагында ээси КР жараны А.У.А., мамлекеттик номуру жок, "TOYOTA CROWN" маркасындагы унаасы аныкталган. Унаа Кыргызстанга Япониядан колдонулган автоунаа тетиктери катары ташылып келинген, андан кийин техникалык тейлөө станцияларынын биринде чогултулганы аныкталган.

ЕАЭБдин аймагына колдонулган тетиктерди мыйзамсыз алып кирүү жана эксплуатациялоо фактылары аныкталганга чейин аталган унаа кармалып, Ош шаарындагы "БИ" МИнин түштүк филиалына жоопкерчиликтүү сактоого алынып келинди.

Аталган факты тиешелүү органда каттоого алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий