• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен: Чуңкур-Кыштак айылындагы жаңы мектептин курулушу 35% түздү

Аймак 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чуңкур-Кыштак айылындагы 275 окуучулук орунга эсептелген жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттар багыты боюнча каржыланат.

Долбоору боюнча жаңы мектепте окуучуларга баардык зарыл шарттары каралган окуу корпусу, ашкана, спорттук залы, актовый залы, компьютердик класс, ошондой эле химия, биология, физика предметтери боюнча лабораториялар менен окуу имараты каралган.

Билим берүү объектинин тендердик баасы 723 миң 861 АКШ долларын түзгөн, анын ичинен Сауд Өнүктүрүү фондунун 187 миң 121 АКШ долларын каржылады.

Курулуш иштеринин даярдыгы 35 пайызды түзөт. Учурда подряддык уюм тарабынан объекттин 100%га кирпич менен тургузуу, армирлөө жана монолиттик колонна бетондоосу аяктады. Окуу корпусунун чатырынын жабуу иштери аяктап жатат. Курулуш иштери быйыл аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий