• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарынга Түркиянын депутаттары келди

Аймак 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. 2018-жылдын 22-июлунда, Нарын облусуна Түркия мамлекетинин Этимесгут районунан депутаттар келди, - деп билдирет өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Анкара шаарынын Этимесгут районунун мэри Энвер Демирел баштаган депутаттар Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповтун кабыл алуусунда болду.

Жолугушууда Этимесгут районунун мэри жана райондук депуттар кеңешинин төрагасы милдеттерин аркалаган Энвер Демирел делегация мүчөлөрү менен тааныштырып, үч вице-мэри, үч саясий партиянын лидерлери, 17 депутат жана жооптуу мэрия кызматкерлери менен келгенин маалымдады. Бир тууган кыргыз эли, жери тууралуу маалыматтары бар экенин айткан район жетекчиси, Нарын облусу менен достук мамилени чыңдоо жана жеринде көрүп учурашуу максатында келишкенин билдирди. Дүйнө жүзүндөгү 350 млн түрк тилдүү элдердин маданиятын жандандыруу үчүн 20 жылдан бери Түркия маданий фестивалдарды уюштуруп келерин кошумчалады. Анын айтымында Анкара шаары 13 райондон турат жана Этимесгут эң алдынкы райондордун бири болуп эсептелет.

"Облус башчы Аманбай Кайыпов чакырууну кабыл алып, алыстан келгени үчүн делегация мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди. Облустун аймагы республиканын төрттөн бир бөлүгүн ээлеп турарын айтып, тоолуу региондун социалдык-экономикалык абалы жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. 2017-2018-жылдардагы Түркиянын Кастамону облусуна жана Анкара шаарынын Этимесгут районуна Нарын облусунунан барган делегациянын иш сапарынын алкагында өткөн жолугушуулар жемиштүү болгонун белгиледи. Достук мамилелер мындан ары чыңдалып, эки тараптын экономикалык жана маданий багыттагы долбоорлору ишке ашат деген ишеничин билдирди", -деп айтылат маалыматта.

Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл меймандар менен баарлашып, облустагы өндүрүлгөн продукциялар, чет мамлекеттер менен болгон соода-экономикалык байланыштар боюнча пикир алышты. Жолугушуунун соңунда делегация мүчөлөрүнө белектер ыйгарылып, эстеликке сүрөткө түшүү аземи өттү.

Иш сапардын экинчи күнүндө Этимесгут районунун жана Нарын шаарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу достук келишимине ылайык шаар ичиндеги колдоого муктаж объектилер тааныштырылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий