• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто бир катар коомдук транспорт каттамдары убактылуу өзгөрөт

Аймак 0

Бишкек, 16.06.23./Кабар/. Ош шаарындагы А. Масалиев көчөсүн капиталдык жаңыдан асфальттоо иштерине байланыштуу 17-июнь күнү А. Масалиев көчөсүнүн, Р. Абдыкадыров (Дом быта) көчөсүнүн кесилишинен Ы. Монуев көчөсүнө чейинки бөлүгү (Макаренко мектеби) жабылат.

Буга байланыштуу төмөндөгү коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди:

- №53 шаардык муниципалдык автобустук каттамы Мээркан – (Два Прораба) багыты боюнча жүргөндө Г.Айтиев, Курманжан Датка, Р.Абдыкадыров, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр, Ж.Раимбеков, А.Масалиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №106 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ош ТУ-Кайырма багыты боюнча жүргөндө А.Шакиров, Ы.Монуев, Тилеке-Баатыр, Ж.Раимбеков, А.Масалиев, А.Навои, К.Датка, Г.Айтиев көчөлөрү аркылуу жүрө баштайт.

- №108 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Нариман -Облустук төрөт үйү багыты боюнча жүргөндө А.Масалиев көчөсү менен келип, Ж.Раимбеков көчөсүндөгү айланпадан кайтып А.Масалиев жана А.Навои көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №109 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Озгур – (Два Прораба) багыты боюнча жүргөндө А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр, Ж. Райымбеков көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №112 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ак-Тилек-Озгур багыты боюнча жүргөндө А.Навои, А.Масалиев, А.Шакиров көчөлөлөру менен жүрөт.

- №113 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Тээке-Борбордук базар багыты боюнча жүргөндө Г.Айтиева, В.Ленин, А.Навои, А.Масалиев, Ж.Раимбеков көчөсүндөгү айланпадан кайра артка кайрылып, кайтканда А.Масалиев, А.Навои, К-Датка, Г.Айтиев көчөлөлөру менен жүрөт.

- №124 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Төлөйкөн- (Два Прораба) багыты боюнча жүргөндө Р.Абдыкадыров, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-баатыр, Ж.Раимбеков көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №128 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Орке – Ош шаардык Кадастр багыты боюнча жүргөндө Г.Айтиев, В.Ленин, А.Навои, А.Масалиева, кайтканда А.Масалиев, Ж.Раимбеков көчөсүндөгү айланпадан кайра артка чыгып, А.Масалиев, А.Навои, К.Датка, Г.Айтиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №129 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Кызыл-Байрак - Борбордук базар багыты боюнча жүргөндө А.Навои, А.Масалиев, Ж.Раимбеков көчөсү менен, ал эми кайтканда А.Масалиев, А.Навои көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №134 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Туран кичи шаарчасынан - Тажикабад айылы багыты боюнча жүргөндө Б.Нурматов, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр көчөлөру менен, ал эми кайтканда Тилеке-Баатыр, Ж.Шамшиев, А.Масалиев, Р.Абдыкадыров көчөлору аркылуу жүрөт.

- №136 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Амир-Тимур кичи шаарчасы-Беш-Капа айылы багыты боюнча жүргөндө А.Шакиров, Ы.Монуев, А.Масалиев көчөлөрү менен жүрөт.

- №137 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Амир-Тимур кичи шаарчасы-Достук багыты боюнча жүргөндө А.Шакиров, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр, Ж.Раимбеков көчөлөлөрү менен жүрөт.

- №143 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Два Прораба - Ак-Тилек кичи шаарчасы багыты боюнча жүргөндө Тилеке-Баатыр, Ж.Шамшиев, Р.Абдыкадыров көчөлөрү менен жүрөт.

- №146 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы ОшТУ - Рудаки орто мектеби багыты боюнча жүргөндө А.Шакиров, Ж.Шамшиев, Р.Абдыкадыров көчөлөрү менен жүрөт.

- №155 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Учар – Кызыл-Кыштак айылы багыты боюнча жүргөндө Р.Абдыкадыров, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр көчөлөрү менен жүрөт.

- №157 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ош ТУ – Арек айылы багыты боюнча жүргөндө А.Шакиров, Ы.Монуев, А.Масалиев, А.Навои көчөлөру аркылуу жүрөт.

- №159 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Маданият айылынан- МЖК багыты боюнча жүргөндө Ж.Раимбеков көчөсүндөгү айланпадан кайра артка кайтып, А.Масалиев, А.Навои, Курманжан-Датка көчөлөрү аркылуу жүргүзүлүп, кайтканда Курманжан-Датка, Р.Абдыкадыров, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр көчөлөрү аркылуу жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий