• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Екатеринбургдан Ысык-Көлгө жаңы авиакаттам ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 16.06.23./Кабар/. 2023-жылдын 19-июнунда россиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы Екатеринбург-Ысык-Көл-Екатеринбург багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Екатеринбургга каттамдар жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат.

«Манас» аэропорту бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча аталган авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий