• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

KIA Motors Кыргызстандын рыногуна кирет

Коом 0

Бишкек, 15.03.18. /Кабар/. Бишкекте 16-мартта KIA Motors дистрибьютордук борборунун расмий ачылышы болот.

Белгилүү түштүк корея унаа бренди автомобилдик инновацияларды жакындатуу жана жеткиликтүү кылуу максатында Кыргызстандын рыногуна кирет. Кыргызстанда унаа катарлары 9 модель менен толукталат: KIA PICANTO, KIA RIO, KIA CERATO, KIA OPTIMA, KIA STINGER, KIA SPORTAGE, KIA SORENTO, KIA CARNIVAL, KIA BONGO.

Дистрибьютордук борбордун жана 2018-жылдагы Дүйнөлүк футбол чемпионатынын ачылышына KIA Motors Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы менен биргеликте эки долбоор даярдаган. “KIA Official Match Ball Carrier” долбоору – бул Кыргызстандын жаш футболчулары үчүн расмий салтанатка катышуу жана Дүйнө чемпионатынын оюндарынын биринде топ алып өтүү мүмкүнчүлүгү. Экинчи долбоор “KIA Champ into the Arena” – футбол сүйүүчүлөрдүн командаларынын турнири, жеңүүчүсү ДЧ оюндарынын бирине барат.

Бизнес түзүм үчүн да KIA Best Fleet invitaton" футболдук долбоор уюштурулат. Анын алкагында 10дон 20го чейин унаа сатып алган компаниянын 2 өкүлү FIFA 2018 ачылышына учушат.

KIA Motors Corporation – түштүк кореялык унаа куруучу компаниясы, 1994-жылы негизделген жана Hyundai Motor Group компаниялар тобуна кирет. KIA брендинин девизи – “Таң калтыруу искусствосу” - компаниянын дүйнөнү таң калтырууга багытталган максатын чагылдырат.

Пикир

Оставить комментарий