Ошто борбордук базардын соодагерлерине акысыз ККМ аппараттары берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук базарында Мамлекеттик салык кызматынын Ош башкармалыгы тарабынан акысыз ККМ аппараттары тапшырылууда.

Мэриядан билдиришкендей, бардыгы болуп арыз берген борбордук базардын 500дөн ашык соодагерлери акысыз ККМ аппараттарын алышат.

Буга чейинда шаардагы базарлардын соодагерлерине 100дөн ашык акысыз ККМ аппараттары тапшырылган.

Ош шаарында ККМ аппараттарына болгон жалпы муктаждык 3211 бирдикти түзөт, бирок бул сан дайыма өсүп турат.

Эскерте кетсек, акысыз ККМ аппараттары соода ишмердүүлүгү үчүн патенттерди жокко чыгарууга байланыштуу бирдиктүү салыкты киргизүүнүн алкагында тапшырылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда соода иши үчүн патентти жокко чыгаруу 1-июлдан баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий