Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров ушул жылдын 7-9-март күндөрү Ош, Жалал-Абад облустарындагы жана Ош шаарындагы диний уюмдардын жетекчилери менен жолугушту.
Дин иштери боюнча мамкомиссиядан кабарлашкандай, жыйындарга Сузак районунун акимияты, Жалал-Абад шаардык мэриясы, айыл өкмөттөр, архитектура, Мамлекеттик каттоо кызматтары, муфтийдин орун басары А. Сыргабаев, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын казылары, район-шаарлардын баш имам-хатибдери, диний уюмдардын жетекчилери катышты.
Жолугушууда диний объекттерди эсептик каттоодон өткөрүүнү тездетүү, эсептик каттоодон өтпөгөн диний уюмдарды жана объекттерди ишке берүүнү токтотуу, салттуу исламды жайылтуу, диний кырдаалды туруктуу сактоо, радикалдашуунун алдын алуу, диндер жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо жана чыр-чатактарды болтурбоо, ысырапкорчулукка каршы күрөшүү, эрте никелерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү, КР Эмгек кодексинин жумуш күндөрү боюнча талаптарынын сакталуусун камсыз кылуу маселелери талкууланып, тиешелүү тапшырмалар, сунуштар берилди.
Жолугушуунун максаты - КР Конституциясынын жана «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын, 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын артыкчылыктуу багыттарын, президенттин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыгын эффективдүү аткаруу болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий