• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Ошто индустриалдык-логистикалык соода борборун ачуу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы Кызыл-Кыштак айыл аймагынын аймагында индустриалдык-логистикалык соода борборун уюштуруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна жеке өнөктөш тандоо боюнча сынак жарыялайт.

МЖӨ борборунан билдиришкендей, МЖӨ долбоорун ишке ашыруу Ак-Буура дарыясынан алыс жайгашкан жаңы индустриалдык-логистикалык борборду куруунун эсебинен Ош шаарында чакан жана орто ишкердиктин ишмердүүлүгүнүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет жана объектти пайдалануунун санитардык-эпидемиологиялык, техникалык жана экологиялык шарттарын ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондой эле муниципалдык базарды жаңы жерге көчүрүү Ак-Буура дарыясынын жээгин жакшыртуу деңгээлин жогорулатууга, кийинчерээк шаардын тургундары жана коноктору үчүн коомдук бакчаларды, эс алуу жайларын, велосипед жолдорун, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдорду курууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан сырткары, Ак-Буура дарыясынын жээгин таштандылардан тазалоо жана колдонулган сууну агызуу аркылуу кыртыштын асылдуулугун жогорулатуу жана экология тармагындагы бир катар маселелер чечилет.

Квалификациялык тандоого билдирмеси барлар Ленина 221 дарегинде жайгашкан Ош шаарынын мэриясына же почта аркылуу 2024-жылдын 25-ноябрында саат 18:00гө чейин жөнөтүү керек.

Долбоор боюнча суроолоруңуз болсо Ош шаардык мэриясына тел.: +996 3232 5 59 97, же МЖӨ борборуна тел.: +996 (705) 211093 кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий