Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда таңкы саат 05:18де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жер титирөө Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 баллга, Эркештам, Нура айылдарында 4 баллга жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий