Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Ошто каналга түшүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-августта Ош шаарынын Учар айылынын Дача тилкесинде каналга 2015-жылы туулган С.А. аттуу бала түшүп кеткен.
Бүгүн жеринде издөө иштери уланууда, жалпы 65 куткаруучу тартылган.
Пикир
Оставить комментарий