Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Республикалык Өзүнчө куткаруу отрядына барып, отряддын өздүк курамы жана алардын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.
Ведомстводон маалыдашкандай, жумушчу сапардын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары жүргүзүлүп жаткан курулуштарды көрүп чыкты. Ал жоокерлер үчүн түзүлгөн шарттарды мындан ары дагы жакшыртуу боюнча иштер улантыла турганын белгиледи.
Азамат Мамбетов куткаруучулардын кесипкөйлүгүн жана алардын өзгөчө кырдаалдардагы оперативдүү аракеттерин жогору баалап, келечекте дагы ишмердүүлүктү өркүндөтүү үчүн тиешелүү аракеттер көрүлөрүн айтты.
Пикир
Оставить комментарий