Ошто коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоо боюнча Координациялык жыйын болду

Аймак 0

Бишкек, 29.03.18. /Кабар/. Кечээ, 28-мартта Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоо боюнча Координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев,укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мекеме ишканалардын жетекчилери жана аймактык кеңештердин төрагалары катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын күн тартибинде 2 маселе каралып, талкууга алынды.

1- Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасындагы коррупциялык укук бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү жана аткарылып жаткан иштер жөнүндө.

2- Ош шаардык билим берүү башкармалыгында 2017-жылы жана 2018-жылдын 2 айында коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамдарынын аткарылыш жөнүндө.

Айтмамат Кадырбаев, шаардагы билим берүү мекемелеринин, муниципалдык ишканалардын жетекчилерине коррупциялык укук бузууларды четтетүү, ага каршы аракеттерди күчөтүү боюнча укук коргоо органдары, прокуратура кызматкерлери менен тыгыз иш алып барууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий