• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ошто кооптуу аймакта жашаган тургундар үчүн көчмө окуулар уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Ошто кооптуу аймакта жашаган тургундар үчүн көчмө окуулар уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 21-февралынан 28-февралына чейин Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлерине, ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын Туран, Сулайман-Тоо, Керме-Тоо, Манас-Ата, Курманжан-Датка жана Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыктарынын потенциалдуу кооптуу аймактарында жашаган калкына жеринде окуулар уюштурулду.

Окуунун алгачкы күнү Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында уюштурулуп, жалпы окууга 31 кызматкер катышкан. Муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жашоочуларына окуулар жеринде өткөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучулары жана КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмү тарабынан угуучуларга жарандык коргонуу жаатында жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жалпы түшүнүк берилип, өзгөчө кырдаалдар коркунучу пайда болгондо же өзгөчө кырдаал катталган учурда жарандардын өзүн-өзү алып жүрүү, сактануу жана коопсуздук эрежелери боюнча окуулар өткөрүлүп, үйрөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий