• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясынын кызматкерлери жөө өтмөктөн маршрутка коюп кеткен кыздан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери жөө өтмөктөн маршруттук такси коюп кеткен кыздан кабар алды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, кыздын абалы канааттандырарлык жана тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Жакынкы аралыкта ооруканадан чыгарылат.

Эскерте кетсек, 17-февралда саат 17:00 чамасында №138 маршруттук унаанын 29 жаштагы Р.М. аттуу айдоочусу Дэн Сяопин көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Каракумский көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 11 жаштагы К.А. аттуу окуучу кызды сүзүп кеткен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, унаа айып аянтчасына киргизилген.

“Айдоочу кыздын ата-энеси менен туруктуу байланышта болуп, дарыналууга каражат берүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий