Ошто кызамыкка каршы эмдөө боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Бүгүн, Ош шаарынын мэриясына караштуу Эпидемияга жана эпиоозотияга каршы комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйындын күн тартибинде Ош шаарында 25-январга карата кызамык оорусунун эпидемиологиялык абалы, илдеттин алдын алуу жана жайылуусуна бөгөт коюу иш-аракеттерин уюштуруу жөнүндө маселелер каралды.

Ошондой эле кызамык илдетинин катталган учурлары, кооптуулугу, эмдөө, алдын алуу жана жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча маалыматтар берилди.

Соңунда шаар бийлиги тарабынан Ош шаарынын казыяты, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана саламаттык сактоо кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте эмдөөгө каршы чыккан жарандар арасында кызамык илдети тууралуу маалыматты жеткирүү, түшүндүрүү иштерди күчөтүү боюнча тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий