• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ошто медкызматкерлер арасындагы коррупцияга каршы күрөш талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында медицина кызматкерлери арасында аталган тармакта коррупциянын алдын алуу, аны менен күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы Даниэль Рысалиев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов катышты.

Иш-чарада кызматкерлерге коррупциянын кесепеттери жана мыйзам боюнча жоопкерчиликтер тууралуу кеңири маалымат берилди. Андан тышкары, атайын видеоматериалдар көрсөтүлүп, таза иштөө жана ак ниет кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгү боюнча айтылды.

Ошондой эле коомдогу коррупцияны азайтууга багытталган аракеттер мындан ары да улантылары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий