• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ошто мурдагы аялын өлтүрүп, качып кеткен жаран Өзбекстандан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Ош шаарында өзүнүн мурдагы аялын бычактап өлтүрүп, качып кеткен жаран Өзбекстандан кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, адам өлтүрүүгө шектүү 1990-жылы туулган Ж.И. коӊшу Өзбекстандын Анжиян облусунун аймагынан, жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргелешкен издөө иш-аракеттеринин натыйжасында өткөн жумада колго түшүрүлүп, Ош шаарына алынып келинди.

Учурда анын үстүнөн адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши тергелүүдө.

Кылмыштуу окуя ушул жылы 3-октябрда Ош шаарында катталган. Шектүү 1990-жылы туулган Ж.А. өзүнүн мурдагы аялын өлтүрүү максатында ал жашаган үйгө барып, аялды бир нече ирет денесине бычак сайып, изин жашырып кеткен. Жабырлануучу 1998-жылы туулган аял окуя болгон жерде көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий