Ошто Россиянын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-ноябрда Ошто Россиянын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Андрей Бибишевди кабыл алып, Россиянын колдоосу менен Ош шаарында заманбап билим берүү борборун куруу боюнча уюштуруу маселелери талкуулашты.

Жолугушууда мындан сырткары Ош шаарында "Газпром" спорт комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу, Ош шаарын коомдук транспорт менен камсыздоого көмөк көрсөтүү маселеси көтөрүлдү.

Консул Бибишев учурда жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча иштер жүрүп жаткан бир катар жаңы долбоорлор жөнүндө айтып берип, анын ичинде балдар ооруканасынын онкология бөлүмүн оңдоо жана эмеректерди сатып алуу, Ош шаарындагы көзү азиз балдардын мектеп-интернатын, Архангел Михаил чиркөөсүн оңдоп-түзөө боюнча маселеге токтолду.

Соңунда тараптар өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий