• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто селден жабыркагандарга Казакстандан 40 тонна гумжардам келди

Коом 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Селден жабыркагандарга Казакстандан гуманитардык жардам келди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, гумжардам “BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN” кайрымдуулук фондунун атынан Алматы шаарынан келди.

“Негизинен жардамдар кайрымдуулук фондуна казак элинен чогулат. 40 тонна жардамдын курамында ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар. Фонддун жетекчиси Перизат Кайрат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн таң эрте Кыргызстанга кирген гуманитардык жардам Ош облусун карай жол тартты.

Пикир

Оставить комментарий