• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Калкты көмүр менен камсыздоо15-сентябдан башталат. Баасы канчадан болот?

Коом 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Калкты көмүр менен камсыздоо 2021- жылдын 15-сентябрынан башталат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, республика боюнча бүгүнкү күндө 758 көмүр кампасы ачылды. Жеринен чыккан Кара-Кече көмүрүнүн баасы мурдагы жылдардай эле 1 миң 330 сомду түзөт. Сатыкка коюлган баа саясатын Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.

Кыргызстан боюнча жалпысынан (ЖЭБке, калкка, бюджеттик мекемелерге)- 3 миллиондон ашык тонна көмүр керектелет, анын ичинен:

-бюждеттик мекемелерге-242,333 миң тонн;

-калкка- 1 миллион 125 миң тонна;

ЖЭБке – 1 миллион 650 миң тонна анын ичинен:

-“Кабак” бассейининен -950 миң тонна;

- Таш-Көмүр кенинен -50 миң тонна;

- Казакстандан- 650 миң тонна көмүр келет.

Республика боюнча көмүр казган 70 ашык компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниянын саны 41 чукул.

Оперативдик маалыматтарга таянсак акыркы 8 айдын ичинде Республика боюнча 1 337 346 тонна көмүр өндүрүлдү.

-түндүк региону боюнча -452 265 миң тонна;

-түштүк региону боюнча -885 079 миң тонна;

Эске сала кетсек, күйүүчү майдын турукту болбогонуна байланыштуу, аба ырайынын жаан-чачын болушунан жана башка себептер менен Кара-Кече кесиминде тоо-кен иштери арта калып, ошол үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кошумча күч тартылып, көмүр тазалоо иштерин күчөтүү максатында атайын оор жүктөгү техникалар бөлүнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий