• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Ошто турак үйдөн чыккан ири өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Ошто турак үйдөн чыккан ири өрт саат 14:55те толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн жалыны коңшу 3 үйдүн чатырына өткөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында аталган турак жайлар сакталып калды.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 32 адам тартылды.

Өрттүн аянты болжол менен 496 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.

Эскерте кетсек, түндө Ош шаарынын Курбанов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Пикир

Оставить комментарий