• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дээрлик 2,5 кг героин менен кармалды – сүрөт, видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгы Ош шаарында героиндин ири партиясын сатып жаткан шектүүнү кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында кечээ, 16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 36 жаштагы Х.С. аттуу тургуну кармалган. Ал баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектелүүдө. Мурда ээнбаштык иш-аракеттерин жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлдү. Кармоо учурунда ага өздүк кароо жүргүзүлүп, өзгөчө кескин жыты бар, кара жана жашыл түстөгү скотч менен таңгакталып, баштыкка оролгон зат табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 2 килограмм 455 граммды түзгөн героин баңгизаты экендиги аныкталды.

Учурда Жазык кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмү (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Ошондой эле ал башка факты боюнча шектүү катары жүргөн жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Буга чейин эки кылмыштуу топтун мүчөлөрү Сузак районунда бири-бирине курал колдонуп, чырдашкан факты катталган. Андан сырткары, алар укук коргоо органынын өкүлүнө каршылык көрсөтүүгө байланыштуу (ээнбаштык) шектелүүдө.

Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ээнбаштыкка жана куралды мыйзамсыз колдонуу боюнча 4 факты катталган. Бирин-бири менен чырдашкан эки топтун катышуучулары кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда эки кылмыштуу топтун 9 мүчөсү кармалды.

Пикир

Оставить комментарий