• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Депутаттардан акча опузалоого шектелип "MIR24.kg” порталынын директору кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча опузалоого шектелип "MIR24.kg” маалымат порталынын директору кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-ноябрда 2 миң доллар каражатты өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде талап кылган бир катар адамдар кармалды.

Кылмыштын негизги аткаруучусу МИР24.kg маалымат порталынын башкы директору С.С.К. болгон. Ал ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери болуп саналат.

Ошондой эле кылмышка көмөктөшкөндүктөрү үчүн шектелип "MIR24.kg”маалыматтык порталдын оператору Б.у.К. жана “Жорго-Такси” компаниясынын айдоочусу Өзбекстандын М.М.Х. аттуу жараны кармалышты.

Учурда Кылмыш жаза-кодексинин 208 беренесинде (“Опузалап талап кылуу”) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кармалган жарандар бул кылмышты жасагандыгын мойнуна алып, өз көрсөтмөлөрүн беришти.

Пикир

Оставить комментарий