• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйылкы жылдын 11 айында уюшкан кылмыштуулуктун 185 субъектиси кармалган - ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Криминалдык милиция кызматы алдыга коюлган милдеттерди аткаруу максатында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комплекстүү ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.

ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгы жарандарга жана ишкерлик жүргүзүүчү субъекттерге каршы багытталган тоноочулукту жана опузалап талап кылууну алдын алууга жана ага бөгөт коюуга, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрүүдө.

Мындан сырткары, мурда жасалган кылмыштардын бетин ачууга, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо булактарын аныктоого багытталган иштер жүрүүдө.

2021-жылдын апрель айында ИИМдин “Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жөнүндө” буйругуна ылайык, республиканын бардык аймагында уюшкан кылмыштуулуктун көрүнүштөрүн болтурбоо жана бөгөт коюу максатында каракчылыкка, тоноочулукка, опузалап талап кылууга, ошондой эле башка оор кылмыштарды жасоого катышкан адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү иш-чаралар күчөтүлгөн.

“Бандит” ыкчам алдын алуу иш-чарасы жана ушул сыяктуу башка иш-чаралары республиканын аймагында тынымсыз жүргүзүлүп, алар кылмыштуулуктун алдын алууга, кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюга, жарандардын укук бузууларга катыштыгы бар экендигин текшерүүгө, кылмыштуу идеологияны үгүттөгөн жана коомго жат аракеттерди жасаган адамдарды аныктоого, ошондой эле мурда соттолгондордун арасында алдын алууга багытталган.

Ички иштиер органдарынын биргелешкен мобилдик топтору элдер көп чогулган жерлерде иш алып барууда. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жарандар ички иштер органдарына жеткирилип, аларга алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул аралыкта ИИМдин 3-башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, милициянын аймактык бөлүмдөрүнө иш жүзүндө жардамдар көрсөтүлдү.

Алсак, 2021-жылдын 11 айында ички иштер органдарынын кызматкерлери ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн уюшкан кылмыштуулуктун 185 субъектисин кармашып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн сотко жөнөтүшкөн. Кармалган жарандар 155 ар кандай кылмыштарды жасоого шектелип, анын ичинен карактоо - 5, тоноо - 4, алдамчылык - 61, опузалоо - 5, бейбаштык - 21, уурдоо - 13 жана башка кылмыштар боюнча шектелүүдө.

ИИМнин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 1168 адам ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ар кандай кылмыштарды жасап, камакка алынгандардын ичинен 9 адам кылмыш чөйрөсүндө жогорку статуска ээ. 2021-жылдын 11 айында уюшкан кылмыштуулуктун субъекттеринен 6 даана ок атуучу куралдар, анын ичинде тапанчалар, мылтыктар (обрез) алынган. 2021-жылдын 11 айында жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын негизинде издөөдө жүргөн 15 кармалган.

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгы кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы иш-аракеттерди активдүү жүргүздү. 2021-жылдын 11 ай ичинде мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан жалпы 107 коррупциялык жана экономикалык багытта кылмыш иштери аныкталган. Анын ичинен, соттордун кароосунда-25, 90 иш тергелүүдө, 21 жаранга кылмышка шектелген билдирүүлөр жеткирилген, 14 адам камакта.

Жогорудагы көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 1, 250 млрд сомду жана 3, 500 млн АКШ долларын түзгөн. Бул келтирилген материалдык чыгымдын ичинен 60 млн сом жана 220 миң АКШ доллары азыркы убакытта өндүрүлүп берилген. Андан сырткары, 570 млн сом камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий