• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Ошто укук бузуулардын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешмесинин жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жыйынга Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаков, тиешелүү укук коргоо органдарынын, социалдык мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Жыйында Кыргызстандын "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамынын жана министрлер кабинетинин 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу маселелери каралды.

Ошондой эле жооптуу кызматкерлер тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар угулду.

Жыйынтыгында координациялык кеңешмеси тарабынан тиешелүү кызматтарга коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий