• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Ошто "Укуктук коом – өнүккөн өлкө" аталышында форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарында Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан "Укуктук коом – өнүккөн өлкө" аталышында форум өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлү Элчибек Жантаев, Ош облусунун прокурорунун орун басары Эмирбек Алиев, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов, район башчылары жана дин өкүлдөрү катышты.

Элчибек Жантаев "Укуктук коом – өнүккөн өлкө" аталышындагы форумдун негизги максаты – Ош облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алууга, бөгөт коюуга багытталганын белгиледи.

"Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча алдыга коюлган милдеттерди так аткаруу боюнча талап койгон.

Ошондуктан кылмыштуулукка, коррупцияга жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча биздин алдыбызда өтө жооптуу жана маанилүү милдеттер турат”-деди ал.

Ошондой эле облус жетекчиси милдеттерди аткаруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана укук коргоо органдары коомчулук менен биргеликте эл арасында мындан кийин да чечкиндүү иш-чараларды алып баруусу зарыл экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий