• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ошто Улуттук адабият күнү белгиленип, жыл мыктыларына сыйлыктар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бабур театрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Кыргыз таануу” окуу-курсу жана мамлекеттик тил боюнча жыл жыйынтыктоочу иш-чарасы өттү.

Мэриядан билдиришкендей, аталган иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, шаардык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, билим берүү мекемелердин жетекчилери, студенттер катышышты.

Иш-чаранын алкагында “Кыргыз иденттүүлүгү” темасы боюнча баяндама айтылып, көргөзмө уюштурулду. Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон бир катар мекеме-ишканалар Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчасы жана белектер менен сыйланышып, концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий