• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Ош шаарында ишембиликке 8 миңге жакын адам катышты

Аймак 0

Бишкек, 14.09.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Улуттук тазалык күнүнө карата жалпы ишембилик болуп өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, тазалык акциясына шаардагы бардык муниципалдык жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары катышып, шаар аймагындагы өздөрүнө бекитилген аймактарды тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Белгилей кетсек, ишембиликке жалпы 8 миңге жакын адам катышып, 368 гектар жер аянты тазаланып, 976 тонна таштанды чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий