• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ошто жарандарга баңгизат таштап, акча талап кылган милиционерлер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Жарандарга баңгизат таштап, акча талап кылган милиционерлер кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, Ош облустук милициясынын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын айрым кызматкерлери баңгизаттарын жарандарга атайылап таштап, андан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартуусу үчүн акча каражатын опузалап талап кылуу менен кылмыштуу схемаларды уюштургандыгы аныкталды.

Алар кыздарды мурда аныкталган адамдардын унаасына же жеке буюмдарына баңгизатын атайлап салууга мажбурлашкан. Андан кийин акча каражатын талап кылуу максатында ишти “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасына каттабастан, мыйзамсыз кармалган адамдарды милиция бөлүмдөрүндө убактылуу киргизип турушкан.

УКМК Ош ОИИБнин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, 1-августта Өзгөн районунун аймагында М.Э.А. аттуу милициянын улук ыкчам кызматкери жана милициянын ыкчам кызматкери Т.И.С. кармады.

Аларды тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат салынган 2 таңгак табылып, экспертизага жөнөтүлгөндүгү айтылды.

Учурда кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү беренелери боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгендиги маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий