• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ошто "Жеткиликтүү турак жай" программасы аркылуу турак жай алуу мөөнөтү узартылды

Аймак 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. "Жеткиликтүү турак жай" программасы аркылуу турак жай алуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, муниципалдык ипотекалык ишкана ипотекалык жана үлүштүк курулуш шартында калкты турак жай менен камсыз кылуу багытында 2024-2027-жылдарга “Жеткиликтүү турак жай” программасынын концепциясын иштеп чыккан.

Анын алкагында бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы менен "Айыл Банк" ААКтын ортосунда эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Макулдашууга ылайык, өлкө жарандары жашаган жерине, каттоосуна, иштеген ишине, ишмердүүлүгүнүн багытына карабастан 7-10 жылдык мөөнөттө бөлүп төлөө шарты менен турак жайлуу боло алат.

Белгиленгендей, ишкананын үлүштүк курулуш программасы жарандарга жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта өз баасында турак жайга ээ болуусуна мүмкүнчүлүктөрдү түзөт жана документтештирүүдө бир катар жеңилдиктерди берет.

Пикир

Оставить комментарий