• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Оштогу “Билим” мектеп лицейинин мугалими “Жылдын мыкты мугалими” деп аталды

Билим 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. “Жылдын мыкты мугалими – 2024” республикалык сынагынын баш байгесин Ош мамлекеттик университетинин “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин сынакта жеңип чыккан мугалимге батир белекке берилери айтылган.

Бишкекте өткөн республикалык сынакка жалпысынан 128 мугалим катышты.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий