• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда мектеп директорлорун тандоо жаңы жобонун негизинде жүргүзүлөт

Билим 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин токтому менен "КР мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби жөнүндө" жобо бекитилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Мурат Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, сынак билим берүү системасындагы кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат орунун ээлөөгө талапкерлердин кесиптик компотенциялдарын жана жеке сапаттарын, алардын жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин коюлган квалификациялык талаптарга, кызматтык милдеттерге шайкештигин баалоонун негизинде жүргүзүлөт.

Конкурстун максаттары жана милдеттери болуп билим берүү чөйрөсүндө зарыл компетенцияларга, жогорку башкаруучулук сапаттарга, тиешелүү жогорку педагогикалык билими болгон адамдарды альтернативдүү атаандаштык негизде тандоо, жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй башкаруучу кадрдык курамын түзүүгө багытталган мамлекеттик кадр саясатын жүзөгө ашыруу, билим берүү системасында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында талапкерлердин кесиптик компетенцияларын жана жеке сапаттарын, алардын жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордуна коюлган кызматтык милдеттерге шайкештигин баалоону өркүндөтүү болуп саналат.

Ал сынакты уюштуруу жана өткөрүү “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору” мекемеси (мындан ары – Улуттук борбор) тарабынан жүргүзүлүп, уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштерди координациялоо конкурстук комиссияга жүктөлөрүн белгиледи.

"Жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө сынак бир мамлекеттик же муниципалдык жалпы билим берүү уюмунда 5 (беш) жана андан ашык жыл иштеген бардык жетекчилер үчүн, ошондой эле жаңы эксплуатацияга кабыл алынган мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын бардык жетекчилери үчүн өткөрүлөт", - деди министрдин орун басары.

Конкурска катышууга жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордуна төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келген КР жарандарына уруксат берилет:

  • педагогикалык жана (же) билим берүү чөйрөсүндө иштеген башка адистик боюнча тиешелүү жогорку кесиптик билими бар;
  • жалпы билим берүү уюмунда 7 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык, анын ичинде Жалпы билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарына ылайык директордун же директордун орун басарынын кызмат ордунда 2 жылдан кем эмес иш стажы бар;
  • ыйгарым укуктуу органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө башкы кызмат ордунда 2 жылдан;

- ыйгарым укуктуу органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө улук кызмат ордунда 3 жылдан;

- аймактык билим берүү органдарынын алдындагы методикалык кабинеттердин жетекчиси кызмат ордунда 5 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык иш стажы бар;

  • атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдары үчүн);
  • КР Конституциясын, Эмгек кодексин, Балдар жөнүндө кодексин, “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамын, жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын жана билим берүү, илимий ишти регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актыларды, жалпы билим берүү уюмунун ишин пландоонун жана контролдоонун формаларын уюштуруунун жалпы принциптерин, уюмдун ишинин натыйжалуулугун баалоо жана персоналды башкаруу методдорун, документ жүгүртүү ыкмаларын, ички тартип эрежелерин, административдик жана жарандык мыйзамдарды, билим берүүдөгү каржылоону, мектептик билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик институттар менен коомдук уюмдардын укуктарын жана функцияларын билген;
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын билген:
  • билим берүү сапатын жогорулатуунун билим берүү системаларын башкаруу теориясын жана методдорун билген, башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгон, пайдалануучунун деңгээлинде IT технологияларын колдоно билген;
  • аракетке жөндөмдүү, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими чыгарылбаган;
  • соттуулугу болбогон;
  • медициналык каршы көрсөтмөлөрү жок;
  • мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык иш менен алектенүү укугу чектелбеген.

Конкурска катышууга төмөнкү адамдарга жол берилбейт:

  • педагогикалык иш жүргүзүү укугунан ажыраган же чектелген;
  • соттуулугу бар, ошондой эле адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, эркиндигине, жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган соттуулугу барлар (жоюлганына карабастан);
  • КР жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган;
  • медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар.

Бир эле жалпы билим берүү уюмунда жетекчилик кызмат ордунда жалпысынан 10 жылдан ашык иштеген талапкер ошол эле жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө Конкурска катыша албайт.

Пикир

Оставить комментарий