Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Ош шаарынын Петров көчөсүндөгү №47 үйүнүн жанындагы май куюучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдиргендей, өрт тууралуу билдирүү кечки саат 20:16лар чамасында түшкөн. Жерине жалпысынан 5 бөлүм тартылды.
"Андан тышкары, Штаб, КР ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу, тез жардам кызматы, ИИМ кызматкерлери тартылган.", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан да май куюучу жайдан өрт чыккандыгын кабарлашты.
Пикир
Оставить комментарий