• 87
  • 91.29
  • 0.84

Оштогу май куюучу жайлардын 65% талапка жооп бербейт

Аймак 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Ош шаарындагы автоунаага май жана газ куюучу бекеттердин 65 пайызы талапка жооп бербейт. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов билдирди.

Кечээ Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны өтүп, анда Өкмөткө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспексиясынын Ош шаары боюнча регионалдык башкармалыгынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө маселе каралды.

Жыйындын жүрүшүндө шаардагы өрт коопсуздугу, автоунаага май жана газ куюучу бекеттердеги коопсуздук, архитектуралык мыйзамсыз курулуштар боюнча жүрүп жаткан иштер талкууланды.

Вице-мэр Жасур Азимов аталган башкармалыктын ишмердүүлүгүнө жана андагы кемчиликтерге токтолуп кетти.

“Аталган инспекциясы экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик контролдоочу жана көзөмөлдөөчү орган болуп саналат. Башкармалык тарабынан 2018-жылга карата жеке жана мамлекеттик ишканаларды пландуу, пландан тышкаркы жана аныкталган фактылар менен жалпысынан 676 текшерүү жүргүзүлгөн. Бирок, Ош шаарынын аймагындагы башка базарларда өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча башкармалык тарабынан комплекстүү иш алып барылган эмес. Ош шаарынын аймагындагы жалпы 44 автоунаага май жана газ куюучу бекеттер бар болсо алардын ичинен 34 автоунаага май жана газ куюучу жайлардын коопсуздук аймагы сакталган эмес. Бул дегени шаардагы автоунаага май жана газ куюучу бекеттердин 65 пайызы талапка жооп бербейт дегенди билдирет. Бул багытта азыркы күнгө чейин мамэкотехинспекция тарабынан бир да май жана газ куюучу жайларга конкреттүү чара көрүлгөн эмес”, - деди вице-мэр.

Пикир

Оставить комментарий