• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Чек ара кызматы: Тажик чек арачылары адашып Кыргызстандын аймагына кирип кеткен

Аймак 0

Бишкек, 29.02.20. /Кабар/.Тажик чек арачылары адашып Кыргызстандын аймагына кирип кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан (МЧК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-февралда Лейлек чек ара отрядынын чек арачыларына жергиликтүү туургундан саат 17.30да Сай жерлигинде Кыргызстандын аймагына 30-40 метр кирип кеткен куралсыз тажик чек арачылары байкалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган жерге застава башчысы келип тажик чек арачылары жергиликтүү тургунду - Кыргызстандын жаранын көрүп кайра Тажикстандын аймагына кайтканын аныктаган.

“Бул факты боюнча Кыргызстан менен Тажикстан чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, жолугушууда кыргыз тарап тажик өкүлүнөн Кыргызстандын аймагында Тажикстандын аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз жүрүүсү боюнча түшүндүрмө талап кылган. Тажикистандын чек ара өкүлү тажик чек арачыларынын мамлекеттик чек арадан адашып калгандыгын, бул аймакта инженердик тосмолор болбогондугун айтып, аталган факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзө тургандыгын убада кылды”,- деп билдиришти МЧКдан.

КР Чек ара кызматынын маалыматында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий