Бишкек, 01.01.24. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамы белгиленип, 20 миңден ашуун адам чогулду.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 31-декабрь саат 14:00дөн баштап концерттик программалар тартууланды. Шаар башчы Бакытбек Жетигенов аянтта калаа тургундарын жана конокторду жаңы жылы менен куттуктады.
Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Майрам фейерверк менен коштолуп, эстрада жылдыздары тарабынан ыр күүлөр тартууланды.
Пикир
Оставить комментарий