• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Аймактарды өнүктүрүү: Өнүгүп жаткан Бакай-Ата району

Аймак 0

Талас, 23.07.19 /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунда көп жагынан өзгөрүүлөр болууда. Айыл чарба, инфраструктура жана социалдык объекттердин, жолдун курулушу, сугат маселесин чечүү жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө өсүш бар.

Маселен, бул жылы район боюнча 5,5 чакырым жол салуу пландалууда. Учурда Май, Бакыян жана Ключевка айылдарын бириктирген жолдун курулуш иштери аяктап калган.

Район акими Чолпонбек Төрөгуловдун айтымында, узундугу 1,5 чакырым болгон жол Транспорт жана жолдор министрлиги бөлгөн 6 млн. 700 миң сомдун эсебинен салынды.

"Район боюнча 5,5 чакырым жолду оңдоо каралууда. Бүгүнкү күнү Ключевка, Май жана Бакыян айылдарын бириктирген жол бүткөрүлдү. Андан тышкары, башка айылдык аймактарда 2,5 чакырымдан ашык жолду оңдоо иштери жүрүүдө. Президент аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ар бир райондо 3 чакырым жолду оңдоп, ал иштерге өз убагында каражат бөлүүнү тапшырганын белгилеп кетүү керек. Ал жарлыктын алкагында бизге 16 млн сом бөлүнгөн. Ал каражатты жыл аягына чейин өздөштүрүү пландап жатабыз", - деди ал.

Социалдык объекттердин курулушу тууралуу айтып жатып, район акими Көк-Таш айылындагы 50 орундуу бала бакчаны көрсөттү.

"Бала бакча 50 балага эсептелген. Анын наркы – 5 млн. 700 миң сом. 4 млн 700 миң сомду Тала өнүктүрүү фонду, калган акчаны жергиликтүү бийлик чогулткан. Бала бакча жана мектептерди куруу биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири экенин белгилеп кетүү зарыл", - деди аким.

Жол жана социалдык объектердин курулушунан тышкары, райондо чакан жана орто бизнеске көп көңүл бурулууда. Бакай-Атада жеке ишкер Эсен Казакбаев наркы 1 млн. долларды түзгөн темир бетон шаймандарды чыгарган завод ачкан. Ал ишкана облустун керектөөлөрүн камсыздамакчы. Ошондой эле жеке ишкерлердин аракети менен райондо багбанчылык өнүгүүдө. Маселен, Миргазы Оморов аттуу Боо-Терек айылынын тургуну 40 гектар жерге алмак бак отургузган. Ишкер анын түшүмүн КМШ өлкөлөрүнө экспортко чыгарууну пландап жатат.

Аны менен бирге райондо ичүүчү суу маселеси чечилүүдө. Мисалы, 2020-жылга карата Өзгөрүш айылына толугу менен ичүүчү суу тартылат. Ал иштерге 86 млн сом бөлүнгөн. Учурда, 1,5 чакырымга куур тартылган. Айылдын калкынын саны 7 миң 500гө жетет.

Пикир

Оставить комментарий