• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оштун борбордук базарында жер-жемиштердин сапаты текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 4-август /Кабар/. Оштун борбордук базарында 3-августта шаар мэриясынын атайын комиссиясы жер жемиштердин сапатын текшерди.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, комиссиянын курамына тиешелүү адистер кирген.

Нитрат-тестердин жардамы менен рейддин учурунда мөмө жемиштердин курамындагы нитраттардын өлчөмү текшерилди. Ошондой эле, сатуучулардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында дарбыз менен коондордун басымдуу бөлүгүндө нитраттардын курамы нормасынан жогору экени аныкталган. Адистердин айтымында, жер жемиштердин курамын текшерүү байма бай жүргүзүлүп турат.

Өзгөчө Жалал-Абад облусундагы Шамалды-Сайдан, Ош облусундагы Отуз-Адыр жана Казакстандын Шымкент шаарынан келген дарбыз коондордо нитраттын өлчөмү көп болуп чыккан. Рейддин соңунда сатуучуларга эскертүү берилди.

Пикир

Оставить комментарий