• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Улуттук энергохолдингдин башчысы Жалал-Абаддагы Калкты тейлөө борборлорунун ачылышына катышты

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20./Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда Калкты тейлөө борборлору ачылып, ишке берилди. Ачылуу аземине Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров катышты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Калкты тейлөө борборлорунун ачылышы менен кардарларды тейлөө, абоненттин арыз-буютмаларын кабыл алуу, эсеп дүмүрчөктү чыгарып берүү, техникалык кароого документ тапшыруу сыяктуу электр энергиясына тиешелүү жумуштар бирдиктүү багытта жүргүзүлүп, кардарлар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

“Мурдагыдай төлөмдөрдү кабыл алуучу жайда кезек күткөндөр болбойт, анткени төлөм жүргүзүү үчүн кошумча эки терминал коюлган. Оператор, автоматтык башкаруу тутуму инженери, эсеп-кысап инженери, кассир жана администратор чогуу бир бөлмөдө иш алып барышат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий