• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Оштун Курбан-Кара айылында 275 орундуу мектеп жакында пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Ош облусундагы Кара-Суу районунун Курбан-Кара айылындагы 275 орундуу Исанов атындагы мектепти октябрь айында ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын айтымында, объекттин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

"Учурда окуу корпусунун чатыры толук жабылып, ички сырдоо жумуштары толук аткарылды. Бардык айнек терезелери орнотулуп, пол орнотуу жумуштары кызуу жүрүүдө. Ошондой эле спорт зал жана чатыры жабылып бүттү", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий