• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Самбо боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасында Дүйнө биринчилиги жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. 6-8-октябрь күндөрү Бишкектеги “Газпром балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өспүрүмдөр жана жаштар арасында самбо боюнча (спорттук жана күжүрмөн) Дүйнө чемпионаты болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке 26 мамлекеттен 400дөн ашык спортчу катышты.

Мелдештин жүрүшүндө спорттук самбодон эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак ченинде, кыздар арасында 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг салмактарында жана ошондой эле, күжүрмөн самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак ченинде, кыздар арасында 59, 65, 72 кг салмактарында беттештер өттү.

Кыргызстандын курама командасы 13 медаль (3 күмүш, 10 коло) жеңди.

Күмүш медалдын ээлери:

- 47 кг Каныкей Болотбекова (спорттук самбо);
- 58 кг Аслан Карабеков (спорттук самбо);
- 58 кг Исланбек Өмүржан уулу (күжүрмөн самбо);

Коло медалдын ээлери:

- 64 кг Азамат Темирбеков (спорт тук самбо);
- 71 кг Байел Жакшылыков (спорттук самбо);
- 64 кг Бексултан Бердибеков (спорттук самбо);
- 88 кг Артур Сансызбеков (спорттук самбо);
- 59 кг Аида Асанбекова (спорттук самбо);
- 64 кг Увайс Абдылдаев (күжүрмөн самбо);
- 88 кг Кансултан Сапарбеков (күжүрмөн самбо);
- +98 кг Алихан Саидкасимов (спорттук самбо);
- 50 кг Луиза Асакеева (спорттук самбо);
- 50 кг Канышай Аманкулова (спорттук самбо).

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионаты Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана КР самбо федерациясы тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий