• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жыл башынан тарта 437 этникалык кыргыз кайрылман статусун алган

Коом 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын тогуз айында 437 этникалык кыргыз кайрылман статусун алган. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинде Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин өкүлү билдирди.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин отурумунда “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого алынды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” КР мыйзамынын ченемдеринин, аларды КР мыйзамдарына ылайык келтирүү, этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине көчүп келүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле алардын мамлекет тарабынан кепилденген укуктарын ишке ашыруу зарылчылыгынан улам келип чыккан жоболорун өркүндөтүү максатында иштелип чыгып, демилгеленип жатат.

1-пунктта мыйзамдын 1-беренесинин колдонуудагы редакциясында камтылган “кайрылман”, “кайрылман статусу” жана “этникалык кыргыздар” түшүнүктөрүнүн жаңы, кыйла өркүндөтүлгөн аныктамалары сунушталат.

“Сунушталып жаткан “кайрылман статусу” аныктамасында адамга укуктук статустан тышкары социалдык статус да берилет, ал белгиленген үлгүдөгү документ (кайрылман күбөлүгү) менен ырасталат. Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга социалдык статус берүү жана тастыктоочу документинин болушу кийин мамлекет кепилдеген социалдык жеңилдиктерди, анын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык-санитардык жардам алууга мүмкүндүк берет”, - деп белгиледи Нурланбек Азыгалиев.

Ошондой эле, мыйзам долбоорунун 3-пунктунда мыйзамдын 7-беренесинин биринчи бөлүгүн этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине көчүү укуктарын ишке ашырууга багытталган жоболор менен толуктоо сунушталат.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Өзбекстанда 300 миңден ашуун, Кытайда 200 миңге жакын, Түркияда 5 миңге жакын, Ооганстанда 2 миң, Пакистанда 500 адам жашайт. 2023-жылы тогуз айда 437 этникалык кыргыз кайрылман статусун алган.

Пикир

Оставить комментарий