• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Оштун мэри бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 05.08.23./Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы бир катар социалдык мекемелерди кыдырып чыкты.

Ош мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, анын алкагында шаар башчысы “Тез жардам” кызматынын, Ош шаарындагы №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалдарынын абалы менен таанышты.

Мэр айрым эскилиги жеткен мекемелерди оңдоп-түзөө үчүн тиешелүү кызматтарга иш-мерчемдерин түзүү, жаңы имараттарды куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий